Бишкек шаардык СЭСтин мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жыпара Ашакееванын айтымында, 2006-жылдан бери үйлөрдүн ичине профилактикалык иштер жүргүзүлүп келе жатат. Эгер аба ырайы эрте ысып кете турган болсо бир жылда үч ирет жасалат. Ал эми быйыл аба ырайынын жаан-чачындуу болуп турганына байланыштуу 15-июндан башталды. Тазалоо иштери Бишкек шаарынын чет жакасында жайгашкан Ак-Бата, Калыс-Ордо жаңы конуштарындагы үйлөргө бир учурда жүргүзүлүүдө. Бул үчүн сезон маалында атайы жумушчулар алынат, алардын айрымдары 2-3 жылдан бери иштеп келе жаткандар. Дезинфекция адамдар жашаган үйлөрдөн сырткары, чатыры жабылган, бирок адам жашабаган үйлөргө да жасалат. Себеби, Калыс-Ордо жаңы конушуна Ала-Арча суу сактагычы жакын, берки четинде токойчолор жайгашкандыктан анофилис чиркейи үчүн табылбаган булак.«ГАМБУЗИЯ» БАЛЫГЫ ӨСТҮРҮЛБӨЙ КАЛДЫ…
2006-2007-жылдары «гамбузия» деген кичинекей балыктар өстүрүлүп, алар көлмөлөргө анофилис чиркейинин личинкаларын жок кылуу үчүн коё берилчү. Мындай аракеттер безгекти жок кылууга алда канча жардам көрсөтчү. Ал эми азыр акча каражатынын жоктугуна байланыштуу алар өстүрүлбөйт. Безгекке каршы алдын-алуу иштерин акимиаттар камсыз кылып турат. Ушул тапта Свердлов акимиаты бул максатта 60 миң сом бөлгөн. Бишкек шаарында 16 көлмө болсо, анын ичинен 8инде анофилис чиркейи жашайт. Чиркейлер ошол жерден өөрчүп адамдарга коркунуч алып келет. Андыктан, ошол көлмөлөрдө да тазалоо иштери жүргүзүү менен жашоочуларга безгекке каршы күрөшүү тууралуу түшүндүрүлөт. Бир дагы үй көз жаздымда калтырылбашы керек, анткени бири-бирине кайрадан тарашы ыктымал. Үч күндүк безгек экономиканын начарлашына алып келет. Безгекти такыр жок кылуу үчүн мындай профилактикалык иштерди дагы үч жыл катары менен жүргүзүү керек.
Бул багытта ар бир бейтапканада өзүнчө семинарлар өткөрүлүп, Ак-Бата, Калыс-Ордо жана жаңы түшүп жаткан конуштарга китепчелер жана пашаканалар (дары себилип, чиркейден коргонуу үчүн тартылган даки тосмо) таратылган. Ал чиркейлерден сактанууга жардам берет, анын биринчи кезекте кичинекей балдарга жана боюнда бар аялдарга берилишине көңүл бурулат. Ар бир бейтапканада температурасы жогорулаган адамдарды тыкан көзөмөлгө алышып, безгек оорусуна карата кан тапшыртышат. Пашакана, дары-дармектер долбоордун негизинде алынып жашоочуларга таратылат. Төмөнкү Ала-Арча айылын Аламүдүн району көзөмөлгө алат, дезинфекция иштери бир учурда алар менен чогуу башталат.
АПТАПТАГЫ ИШ КҮН
Дезинфекция бригадасы 6 адамдан турат, аны СЭСтин мите курттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери Зайнидин Мамыров жетектейт. Бригада мүчөлөрү атайы форма, респиратор, резинка өтүк жана кол каптар менен камсыз болушкан. Дары каражаттары, дары аралаштырылуучу челектер, чачуучу жабдуулар менен куралданган бригада менен Калыс-Ордо конушуна бет алдык.
Күн чакыйып тийип, аёосуз куйкалаган аптапта чаңы абага буруксуган жол менен конушка жете келдик. Жаңы конуштун чет жакасындагы сууну бойлой кичинекей алачыктар тигилип, анда жалданып иштегендер кыш куюп жатышыптыр. Ж.Ашакееванын айтымында, бул алачыктагылар эч бир районго карабайт, аларга ошол себептүү тазалоо да жүргүзүлбөйт. Алардын көпчүлүгү түштүк тараптан келген эмгек мигранттары, безгекти алып жүрүүчү адамдардын көпчүлүгү ошол эмгек мигранттарынын арасында кездешет.
Биз түшкөн СЭСтин машинасы конуштун суу түтүгүнүн жанына келип токтогондо жашоочулар биринен сала бири келе баштады. Көрсө, буга чейин эле эки жумадан бери жергиликтүү ФАПта безгекке каршы тазалоо жүргүзүлөөрү тууралуу кулактандыруу берилиптир. Кай бири үйлөрүн даярдап коюшкандарын, кай бири бир жакка шашылып жаткандыктан тезирээк жасап беришин суранып жатышты.
Дары аралаштыра турган челектерге суу куюлуп, ага «Альфасиперметрин» деп аталган дары каражаты салынды. Мурда колдонуп жүргөн дарыны сууга алгандан кийин 2-3 саат күтүүгө туура келчү, ал эми муну сууга кошоору менен дароо эле даяр болот экен.
ТАЗАЛАГЫЧТАР ИТТЕРДИН АЗАБЫН ТАРТЫШАТ…
Мында иштеген балдар безгектин сезонунда гана иштешет. Айлык акы деле анча чоң эмес, бирок, жумушу өтө эле оор. Бир жагынан кандайдыр бир өлчөмдө болсо да дарынын зыяны таасир берсе, экинчи жагынан алар үйгө киргизбей кубалаган иттердин азабын тартышат. Бардык эле үйлөр даяр болуп эшиктерин ачып даяр турушпайт. Айрым учурларда үй-бүлө мүчөлөрүнүн уйкудан турушун, тамактанып бүтүшүн да күтүп турууга туура келет. Куйкалаган ысыкта резинка өтүктөр, резинка кол каптар жана тумчуктурган респираторлорду кийип жүрүүнүн өзү эле канча ыңгайсыздык. Бир күндө 25-30 үйгө дезинфекция жасалат.
Жергиликтүү жашоочу Эгемберди Иманкуловдун айтымында, ал бул жер түптөлө баштаганда келип үй салган. Учурда үй-бүлөлүү, эки баласы бар. Жыл сайын безгек чиркейине каршы жасалган тазалоо абдан жакшы жардам берет. Бул дары себилгенден кийин жай ичи үйгө чиркейлер жолобой калат, түнкүсүн да тынч укташат.
Безгекке каршы дезинфекциялоочу топто З.Мамыров үч жылдан бери иштеп келе жатат. Бул эки конуштагы тазалоо иштерин өзү топтогон бригада менен жасайт. Топтогу балдарга эл менен кандай сүйлөшүү керектигин жана дарыны чачуудагы коопсуздук эрежелерин үйрөтөт. Анын айтымында, жергиликтүү жашоочулар алдын алуу иш чараларынын маанисин өткөн жылдарга салыштырмалуу абдан эле түшүнүп калышты. Мурда көңүл кош мамиле жасап, убара кылышса, азыр тескерисинче артынан жүрүшүп чачтырып алышат. Дарынын таасирин жана анын натыйжасын байкап жатышат. Аны жергиликтүү тургундардын дээрлик бардыгы таанып калышкан.
Бир караган адамга булар өз милдеттерин аткарып жаткан катардагы эле кзыматкерлердей туюлса да, алардын жасаган эмгеги алкоого татыктуу. Ошентип, элдин саламаттыгы үчүн кам көргөн каарман адамдардын бир күндүк иш сапарына күбө болуп, иштерине ийгилик каалоо менен кайттык.